Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-августу №2/8
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн гүлдөп өнүп өсүшүнө кошкон салымы бар атуулдарга өзү жашаган айылдын бир көчөсүнө ысымын берүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн гүлдөп өнүп өсүшүнө кошкон салымы бар атуулдарга өзү жашаган айылдын бир көчөсүнө ысмын берүү жөнүндөгү Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымынын орун басары А.Сапарованын сунушун Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
Торук айылы боюнча
1.Эмгектин ардагери Суеркулов Абдырахмандын ысмын- Исабаев
Токтосундун үйүнөн Алимбеков Чыңгыздын үйүнө чейин
2.Маркум, эмгектин ардагери Исламов Авазбектин ысмын-
Ташбаев Шаршендин үйүнөн Алимов Дурустун үйүнө чейин
3.Маркум, эмгектин ардагери Алимов Ашимдин ысмын-
Алимбеков Мамасыдыктын үйүнөн Атабеков Алымкулдун
үйүнө чейин
4. Маркум, эмгектин ардагери Эгембердиев Убайдын ысмын-
Ашыралиев Сагындын үйүнөн Алимова Буайданын үйүнө чейин
5. Маркум, эмгектин ардагери Аманбаев Асатилланын ысмын-
Аманбаев Мусураттилланын үйүнөн Жороев Кайнардын үйүнө
чейин
6. Маркум, эмгектин ардагери Жуманов Мирзалинин ысмын-
Абдыллаев Шералынын үйүнөн Абдыкааров Абдыбаннанын
үйүнө чейин
7. Маркум, эмгектин ардагери Атамкулов Токторалынын ысмын-
Ташбаев Шүкүралынын үйүнөн Атамкулов Нуреттин үйүнө
чейин
8. Маркум, эмгектин ардагери Бакиев Абдрасулдун ысмын-
Гүлжигитов Шералынын үйүнөн Жороев Жалилдин үйүнө чейин
Чие айылы боюнча
1. Эмгектин ардагери Ормонов Оролбектин ысмын-Ормонов
Кубанычбектин үйүнөн Ормонов Бекмураттын үйүнө чейин
2.Маркум, эмгектин ардагери Турдалиева Айшанын ысмын -
Сартмырзаев Осконалынын үйүнөн Акпаров Султаналынын
үйүнө чейин.
3.Маркум, эмгектин ардагери Темирбаев Тургунбайдын ысмын-
Ажибаев Кубанычтын үйүнөн жогорку көчөнүн кесилишине
чейин
4.Маркум, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Усупбеков
Канкулдун ысмын- Наргозуев Бектендин үйүнөн Кербен-Уч-
Коргон авто транспорт жолдун жээгине чейин
Таш-Жар айылы боюнча
1.Эмгектин ардагери Бекмуратов Сүйналынын ысмын-Бекмуратов
Нуралынын үйүнөн Ташбаев Максаттын үйүнө чейин.
2.Маркум, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Казаков
Кыргызбайдын ысмын-Рыскулов Сабытбектин үйүнөн
Кадыркулов Токойдун үйүнө чейин.
Жаңак айылы боюнча
1.Маркум кыякчы Узенбайдын ысмын- Маматов Тургунполоттун
үйүнөн Шадибекова Салиманын үйүнө чейин.
Жогорудагы ысмы коюлган көчөдөгү үйлөргө керектүү табличкаларды жасап илдирүү жана көчөнүн жолун иретке салып көзөмөлдөө жагы демилгелүү топко жана ысмы коюлган атуулдардын урпактарына, балдарына милдеттендирилсин.
Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|