Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-августу №2/9
Жаңак айылынын тургуну, маркум эмгектин ардагери Орункулов Жоробектин Семет фельдишердик, акушердик пунктка ысмын берүү жөнүндө
Жаңак айылынын тургуну, маркум эмгектин ардагери Орункулов Жоробектин Семет фельдишердик, акушердик пунктка ысмын берүү жөнүндөгү Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымынын орун басары А.Сапарованын сунушун Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Семет айылындагы Семет фельдишердик, акушердик пункту эмгектин ардагери Орункулов Жоробек атындагы фельдишердик, акушердик пункту деп аталсын.
2. Орункулов Жоробек атындагы фельдишердик, акушердик пунктунун айлан тегерегин иреттеп туруу жагы демилгелүү топко жана маркум Ж.Орункуловдун балдарына милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|