Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-декабры № 3/3
Айыл аймагандагы ишкана, мектеп жана бала бакча уюмдарынын жүргүзүп жаткан иштери боюнча маалыматы жөнүндө.
Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучусу Тасмабек уулу Болотбектин айыл аймагандагы ишкана, мектеп жана бала бакча уюмдарынын жүргүзүп жаткан иштери боюнча берген маалыматын Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучусу Тасмабек уулу Болотбектин маалыматы эске алынсын.
2. Айыл аймагындагы ишканалар, мектеп жана бала бакча уюмдарында эмгек тартиби жана жогорку органдардын талаптарын мыйзамга ылайык жүргүзүү абалын жакшыртуу жагы айыл өкмөт башчысынын орун басарына жүктөлсүн
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|