Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-декабры № 3/5
Чие айылындагы берилип кеткен бала бакчанын жери жөнүндө
Чие айылындагы берилип кеткен бала бакчанын жери боюнча мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ч.Кадыркуловдун сунушун Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кенешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык Чие айылындагы берилип кеткен бала бакчанын жерин кайра алуу боюнча иштерди, сот аркылуу чечүү демилгелүү топтун башчысы У.Койчумановго сунушталсын.
2. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|