Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-декабры № 3/7
А.Мырзасапаровдун кайрылуусу жөнүндө
А.Мырзасапаровдун кайрылуусу жөнүндөгү мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ч.Кадыркуловдун сунушун Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл өкмөтүндөгү ардагерлер кеңешинин курамын жана төрагасын кайра түзүү боюнча айыл өкмөтүнүн №55 сандуу токтому мыйзамга ылайык келбегендиги үчүн (прокуратуранын чечимин эске алып) ардагерлер кеңешинин жобосун эске алып мыйзамдуу жол тутуу жагын айыл өкмөттүн башчысы Р.Мавляновго 10 күндүк мөөнөт менен милдеттендирилсин
2. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасына жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|