Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-декабры № 3/8
Мундуз, Таш-Жар айлынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Мундуз, Таш-Жар айлынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндөгү мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ч.Кадыркуловдун сунушун Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Аксы токой чарбасынын директорун кийинки сессияга чакырып маалымат угуу жагы каралсын.
2. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасына жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|