Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-декбары № 3/9
Сары-Кашка айылынын тургуну, маркум эмгектин ардагери Узакбаев Эсеналынын ысмын көчөгө берүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн Сары-Кашка айылынын бир көчөсүнө учурдун талабына ылайык айылдын тургуну маркум эмгектин ардагери Узакбаев Эсеналынын ысымын берүү жөнүндөгү Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы И.Ормонкулованын сунушун Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сары-Кашка айылындагы жаңы конуштун жашоочусу Жуманалиев Кутманалынын үйүнөн баштап Сексенбаев Азизбектин үйүнө чейинки көчө эмгектин ардагери Узакбаев Эсеналы атындагы көчө деп аталсын.
2. Узакбаев Эсеналы атындагы көчөдөгү үйлөргө керектүү табличкаларды жасап илдирүү жана көчөнүн жолун иретке салып көзөмөлдөө жагы демилгелүү топко жана маркум Э.Узакбаевдын балдарына милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|