Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-декабры № 3/11
Торук айлынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Торук айлынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндөгү жер боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү К.Суеркуловдун сунушун Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Торук айлынын тургундарынын кайрылуусу боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн.
2. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасына жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|