Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-марты № 1/2
“Кош-Дөбө айылдык өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын 2018-жылга карата бюджетинин аткарылышы боюнча берген отчету жөнүндө”
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз I сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын 2018-жылга карата бюджетинин аткарылышы боюнча берген отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Айыл өкмөттүн 2019-жылдагы чыгаша бөлүгүн тармактар боюнча сметага жайгаштыруусу, финансылык талдоосу жана акча каражаттарды жыл ичинде жумшалышына разделден- разделге, статьядан-статьяга сунушка жана билдирүүгө карап айыл өкмөттүн башчысынын буйругу менен иш алып баруусу каржы бөлүмүнүн башчысы Тасмабек у Болотбекке милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|