Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-марты №1/4
“Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетин бекитүү жөнундө”
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңеши 2019-жылдын бюджетинин киреше,чыгаша бөлүктөрүн карап жана талкуулап, Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү өздүк бекитилген киреше 5354,5 (беш миллион үч жүз элүү төрт миң беш жүз) сом, теңдөөчү трансферт 12548,5 (он эки миллион беш жүз кырк сегиз миң беш жүз)сом, жайыт жерлеринин ижарасынан түшүүчү 421,4 (төрт жүз жыйырма бир миң төрт жүз) сом сумма менен бюджеттин каражаттын жалпы суммасы: 18324,4 (он сегиз миллион үч жүз жыйырма төрт миң төрт жүз) сом, атайын каражаттан ата-энелер төлөмү 1714,7(бир миллион он төрт миӊ жети жуз)сом, дыйкан базардын жыйымынан 460,0(Төрт жүз алтымыш мин) сом сумма кошулуп жалпысы 20499,1(жыйырма миллион төрт жүз токсон тогуз миң бир жүз) сом суммасында №1 тиркемеге негиз бекитилсин.
2. Жайыт жерлеринин ижарасынан түшүүчү 421,4 (төрт жүз жыйырма бир миң төрт жүз) сом сумма Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесинин 3-пунктуна негиз үчтөн бир бөлүгү 140,5(бир жүз кырк миӊ беш жүз) сом айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнө ал эми калган 280,9(эки жүз сексен миң тогуз жүз) сом «Кош-Дөбө жайыт пайдалануучулар бирикмесине» которуп берүү үчүн 704-Бөлүмүнүн 2215-статьясына чегерилсин.
3. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдардын болжолдуу долбоорунун бюджети Өздүк бекитилген киреше жана трансферттеринин көлөмү №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү №3,4,5,6,7,8,9,-тиркемелерге ылайык, атайын каражаттагы дыйкан базар жана бала-бакчалардын тамак-аш статьясы кошулуп 20539,1 (жыйырма миллион беш жүз отуз тогуз миң бир жүз) сом менен бекитилсин.
5. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү трансферт “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга жана 2020-2021-жылдардын долбоорунун Республикалык бюджет жонундогу” мыйзамына негиз биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга, коммуналдык чыгымдарга, калган сумма башка керектелүүчү статьяларга жумшалаары белгиленсин.
6. Айыл Өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар-бир түрлөрү боюнча аткарууну салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
7. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 150 (бир жүз элүү миң)сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110- беренесине негиз калдык акча каражатынын эсебинен жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү бир айлык эмгек акы толоо фондунун чектеринде 320,0( Үч жуз жыйырма миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
9. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча маалымат берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы Тасмабек уулу Б милдеттендирилсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
11. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
12. Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.
13. 2019-жыл ичиндеги бюджеттин киреше жана чыгашы бөлүктөрүндөгү жалпылашып турган акча каражаттарын айылдык кеңештин «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимисиз акча каражаты жумшалбасын.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|