Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-марты № 1/5
«Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн 2018-жылдын киреше бөлүгүнөн 2019-жылга калган калдык акча каражатын бөлүү жөнүндө»
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кенеши күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын киреше бөлүгүнөн 2019-жылга калган 2013,6 (Эки миллион он үч миң алты жүз) сом калдык акча каражаты төмөндөгүдөй тартипте:
2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110-беренесине негиз калдык акча кражатынын эсебинен жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү бир айлык эмгек акы төлөө фондунун чектеринде 320,0(үч жүз жыйырма миң) сом өлчөмүндө бекитилсин. (Жалпы калдык 2013,6-жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчага 320,0=1693,6 сом бөлүштүрүлүүчу калдык акчанын суммасы)
- Проектиге өздүк салымы --1309,0 миӊ сом,
-- Бюджет жана экономика комиссиясынын чечими менен --- 384,6 миң сом
Жалпысы: 2013,6 (Эки миллион он үч миң алты жүз) сом жумшалсын.
3. Жогорудагы акча каражаттарын мыйзамдаштыруу жана максаттуу пайдалануу жагы Каржы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин «Бюджет жана каржы» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|