Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-июлу № 3
“Итемиров Исанын наамын берүү жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы, Калмак-Кырчын айылынын тургуну Итемиров Максаттын кириш № И-220 сандуу 17.07.2019-жылдагы айылдык кеңешке жазган кайрылуусун айылдык кеңештин депутаттары карап талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. Калмак-Кырчын айылындагы Капсогор участкасына Итемиров Исанын наамы ыйгарылсын.
2. Көчөнү ирээтке келтирип, шагал төгүү жана номер тагып, кароо Итемиров И.балдарына жүктөлсүн.
3. Наам берилген көчө 3 жылдын ичинде каралбаса наамы алынып салынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Калмак-Кырчын айылынын айыл башчысы А.Кеңешбаевге жүктөлсүн.
Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы: | Ч.Тайгараев |
|