Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-июлу № 6
«Салыктык укук чөйрөсүндө өткөрүлүпберилген айрым ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандары тарабынан ишке аткарылышынын тартиби жөнүндөЖобонун негизинде Типтүү келишимди бекитүү жөнүндө»
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Салыктык укук маселелери чөйрөсүндө өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө Жобонун негизинде Типтүү Келишими боюнча айыл өкмөтүнүн салык адиси Б.Ормоновдун билдирүүсүн угуп , талкуулап Курманбек айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Салыктык укук маселелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө Жобонун негизинде Типтүү Келишим жана салыктык укук маселелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жөнүндөгү Типтүү келишими жактырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана тиешелүу иш кагаздарын даярдоо жагы Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бакировго жана ФЭБ башчысы Э.Эрматовага жүктөлсүн.
Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы: | Ч.Тайгараев |
|