Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-июлу № 7
“Мектептерге уюлдук телефондорду пайдаланууга уруксат бербөө жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы, Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Нарматовдун сунушун айылдык кенештин депутатары талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
ТОКТОМ:
1. Курманбек айыл өкмөтүнүн аймагындагы жалпы билим берүүчү мектептерде мектеп окуучулары уюлдук телефондорду (смартфондорду) көтөрбөө,кыргыздын улуттук оюндары (улак тартыш, сумөлөк ж.б.) майрамдарды өткөрбөө жагына тыюу салынсын.
2. Мектеп окуучуларын түнкү 10-00 дөн кийин көчөгө чыгарбоо жагы ата-энелерге эскертилсин.
3. Мектеп окуучуларынан алынган уюлдук телефондорду кароо жагы ата-энелер комитети тарабынан чечилсин.
4. Түнкүсүн көчөдө жүргөн балдарды көзөмөлдөө жагы ЖИИ нин инспекторлоруна жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы: | Ч.Тайгараев |
|