Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-августу № 1
“Жерди которуштуруу жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы, Калмак-Кырчын,Канжыга жана Сары-Булак айылдарынын жарандарынын жана айылдык кеңештин депутаты О.Дыйканбаевдин сунушун айылдык кеңештин депутаттары угуп, талкуулап төмөндөгүдөй токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. Калмак-Кырчын айылындагы кыргыз почтасына тиешелүү болгон 0,10 га жер тилкеси Жалал -Абад-Балыкчы альтернативалык авто жолунун курулушу курулуп жаткандыгына байланыштуу жана Калмак-Кырчын,Канжыга, Сары-Булак, Кызыл-Суу айылдарынын жарандарын тейлөө максатында ҮДТнын имаратын куруу үчүн алмаштырылып берилсин.
2. Кыргыз почтасынын алмаштырууга бериле турган 0,10 га жер тилкеси Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан өзгөртүп берүү жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бакировго жүктөлсүн.
Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы: | Ч.Тайгараев |
|