Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-августу № 5
“Ж.Капашеванын кайрылуусу жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ж.Капашеванын кайрылуусун Курманбек айыл өкмөтүнүн 2017-2021-жылдарга кабыл алынган айыл аймакты өнүктүрүүнүн стратегиясы жана инвестициялык планына кошумча өзгөртүү киргизүү боюнча талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. Курманбек айыл өкмөтүнүн 2017-2021-жылдарга кабыл алынган социалдык-өнүгүү планына кошумча өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Социалдык өнүгүү планынан кошумча өзгөртүү киргизүү үчүн долбоор менен иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Нарматовго жүктөлсүн.
Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы: | Ч.Тайгараев |
|