Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-августу № 6
“А.Осмоналиевдин наамын көчөгө берүү жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы,Таран-Базар айылынын тургундарынын 17-август 2019-жылдагы протоколун айылдык кеңештин депутаттары угуп, талкуулап төмөндөгүдөй токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. Таран-Базар айылындагы Абдукааров Аскарбектин үйүнөн Көк-Арт дарыясына чейинки сайдын жолуна Осмоналиев Абдималиктин наамы берилсин.
2. Наам берилген жолду оңдоп түзөө, таштандылардын тазалыгын көзөмөлдөө жагы А.Осмоналиевдин балдарына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Таран-Базар айылынын айыл башчысы Ж.Абдукаимовго жүктөлсүн.
Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы: | Ч.Тайгараев |
|