Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-декабры № 1
“Республикалык бюджеттен келген акча каражаттарды пайдалануу жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы, 2019-жылга Кыргыз Республикасынын “Республикалык бюджет жөнүндөгү” мыйзамына ылайык республикалык бюджеттен айыл өкмөтүнө стимул катары берилген акча каражатын пайдалануу жөнүндө ФЭБ башчысы Э.Эрматованын билдирүүсүн угуп, талкуулап Курманбек айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнө Республикалык бюджеттен келген 306,1 миң сом акча каражаты Кара-Чолок айылынын борбордук көчөсүн жарыктандыруу үчүн 706-бөлүмдүн 3111 (Имараттар жана курулмалар) статьясына жумшалсын.
2. Бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу жана планга тактоо киргизүү жагы ФЭБ башчысына жүктөлсүн.
3. 2018-жылдын бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү жагы КР ФМ Сузак башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Д. Бакировко милдеттендирилсин.
Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы: | Ч.Тайгараев |
|