Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 2
«Курманбек айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына калган калдыгын бекитүү жөнүндө»
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы, Курманбек айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына калган бюджеттик каражаттан 1 489,0 миң сом, атайын каражаттан 68,8 миң сом калдыгын жумшоо жөнүндө Курманбек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын сунушун карап чыгып, Курманбек айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын 1-январына калган бюджеттик каражаттан 1 489,0 миң сом өлчөмүндөгү эркин калдык Таран-Базар айылынын Али Оморов көчөсүнө түнкү жарыктандыруу орнотуу үчүн жумшалсын.
2. 2020-жылдын 1-январына калган атайын каражаттан 68,8 миң сом өлчөмүндөгү эркин калдык төмөндөгү чыгымдарга жумшоого багытталсын:
- Мамат Камбаров мектебине принтер алууга 10,8 миң сом,
- Жоон-Күнгөй ИСКАКБга ксерекопия алууга 10,0 миң сом,
- Кызгалдак мектепке чейинки билим берүү мекемесине мамлекеттик акт жана техникалык паспорт алууга 48,0 миң сом бөлүнсүн.
3. 2020-жылдын бекитилген чыгымдарына бюджеттик классификацияга ылайык өзгөртүү киргизүү ФЭБ башчысына жүктөлсүн жана планга тактоо киргизүү жагы КР финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бакировко жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Биримкуловко жүктөлсүн.
Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы: | Ч.Тайгараев |
|