Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 4
“Исраилов Сатыбалдынын наамын көчөгө берүү жөнүндө”
Курманбек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы, Калмак-Кырчын айылынын тургуну Исраилов Касымалынын кайрылуусунун жана Калмак-Кырчын айылынын элдик жыйынын протколунун негизинде айылдык кеңештин депутатары талкуулап төмөндөгүдөй токтом кылат
ТОКТОМ:
1. Калмак-Кырчын айылындагы Өнгү участкасындагы мечиттен жогору бурулган көчөдөн Исраилов Сатыбалдынын үйүнө чейин Исраилов Сатыбалдынын наамы берилсин.
2. Мечиттен баштап көчөнүн аягына чейин ирээтке келтирип, шагал төгүү жана номер тагып, кароо Исраилов Сатыбалдынын балдарына жүктөлсүн.
3. Наам берилген көчө 3 жылдын ичинде каралбаса наамы алынып салынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Калмак-Кырчын айылынын айыл башчысы А Кеңешбаевге жүктөлсүн.
Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы: | Ч.Тайгараев |
|