Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 5
“Курманалиев Кимсандын наамын көчөгө берүү жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы, Калмак-Кырчын айылынын тургуну Т. Курманалиевдин кайрылуусунун жана Калмак-Кырчын айылынын элдик жыйынын протколунун негизинде айылдык кеңештин депутатары талкуулап төмөндөгүдөй токтом кылат
ТОКТОМ:
1. Калмак-Кырчын айылында жайгашкан Курманбек күмбөзүнөн Канжыга айылына бурулган жолго чейин Курманалиев Кимсандын наамы берилсин.
2. Курманбек күмбөзүнөн Канжыга айылына бурулган жолго чейин көчөнү ирээтке келтирип, жана номер тагып, кароо Курманалиев Кимсандын балдарына жүктөлсүн.
Наам берилген көчө 3 жылдын ичинде каралбаса наамы алынып салынсын.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Калмак-Кырчын айылынын айыл башчысы А Кеңешбаевге жүктөлсүн.
Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы: | Ч.Тайгараев |
|