Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 7
“Бабаев Ибраимдин наамын көчөгө берүү жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы, Калмак-Кырчын айылынын тургуну Бабаев Космостун кайрылуусунун жана Калмак-Кырчын айылынын 14-ноябрь 2019-жылдагы элдик жыйынын протколунун негизинде айылдык кеңештин депутатары талкуулап төмөндөгүдөй токтом кылат
ТОКТОМ:
1. Калмак-Кырчын айылында жайгашкан О Тажибаев мектебинин күн батыш тарабындагы экинчи көчөгө Бабаев Ибраимдин наамы берилсин.
2. Көчөнү ирээтке келтирип жана номер тагып, кароо Бабаев Ибраимдин балдарына жүктөлсүн.
3. Наам берилген көчө 3 жылдын ичинде каралбаса наамы алынып салынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Калмак-Кырчын айылынын айыл башчысы А Кеңешбаевге жүктөлсүн.
Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы: | Ч.Тайгараев |
|