Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-февралы № 1
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 2020-жылдын 22-январь № 01-08187 сандуу жазма буйругунун кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад
жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Достук айыл өкмөтүнүн 2017-
жылдын 1-январынан тартып 2018-жылдын 31- декабрына карата мезгил аралыгындагы
жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзгөн аудиттин
жыйынтыгынын негизинде Эл депутаттарынын XXVII чакырылышынын Достук
айылдык кеңешинин кезектеги XXX сессиясы күн тартибинде угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 2020-жылдын 22-январь № 01-08187 сандуу жазма буйругу аткарууга алынсын.
2. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын карап чыгып, кетирилген кемчиликтери үчүн тиешелүү кызматкерлерге чара көрүлсүн.
3. “Килем-Ата” жайыт пайдалануучулар бирикмесинин акча каражаттарынын кыймылы казына аркылуу жүргүзүлсүн жана кошумча төлөмдөр тийиштүү бюджетке которулсун.
4. Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Э.Мансиркулов |
|