Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-февралы № 2
Килем – Ата жайыт комитетинин 2020-жыл чабандардын жайыт акысын жана бюджетин бекитүү жөнүндө
КРнын ЖӨБ жөнүндөгү жана КРнын жайыттар жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык
Достук айылдык кеңешинин XXX сессиясы күн тартибинде маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Килем-Ата”жайыт комитетинин төрагасы К.Тагаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштары бекилсин: 2020-жылга бир сезонго жогорку жана жакынкы жайыттарды пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмү:
а) жылкы бир баш үчүн – 130 сом,
б) ири мүйүздүү мал бир баш үчүн – 130 сом,
в) кой,эчки бир баш үчүн – 30 сом
3. Жакынкы жайыттарды пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмү
а) жылкы бир баш үчүн – 70 сом,
б) ири мүйүздүү мал бир баш үчүн – 70 сом,
в) кой,эчки бир баш үчүн – 15 сом,
4.Башка райондордон келген жогорку жайытты падалангандар үчүн
а) жылкы бир баш үчүн – 100 сом,
б) ири мүйүздүү мал бир баш үчүн – 100 сом,
в) кой,эчки бир баш үчүн – 20 сом,
5.2020-жылга Достук айыл аймагыбыздагы чабандарга,жайлоодо мал-койлорду бакканы үчүн
элдердин төлөмдөрү 1 айына төмөнкүдөй бекитилсин:
а) кара мал,жылкы бир баш үчүн – 300 сом,
б) кой,эчки бир баш үчүн – 80 сом,
в) козу,улак бир баш үчүн – 80 сом,
6. Чабандарга жоготкон мал жандыктарын төлөп берүү жагы милдеттендирилсин.
7. Чабан менен мал ээсинин ортосунда келишим түзүлүп, жогорудагылар келишимде эске алынсын.
8. Токтомдун аткарылышы жагы “Килем – Ата” жайыт комитетинин төрагасы К.Тагаевке
милдеттендирилсин.
9..Көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Э.Мансиркулов |
|