Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-февралы № 4
Турак жай курууга деп берилген жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө
Шамалды-Сай айылынын тургуну Тулабаев Уразмахаматтын кайрылуусунун жана Эл депутаттарынын XXVII чакырылышынын Достук айылдык кеңешинин кезектеги XXX сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Бекибаевдин маалыматы эске алынсын.
2.Шамалды Сай айылынын тургуну Тулабаев Уразмахаматка 3-04-03-1001-0013 идентификациялык номери менен 1000 м.кв. жер жеке менчик үй куруп пайдалануу үчүн берилген. Ушул жер тилкесинин 350 м.кв жеринин максаттуу багыты машина оңдоочу жай курууга деп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
3.Тийиштүү документтерди даярдоо айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
5.Токтомдун аткарылышгын көзөмөлдөө Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Э.Мансиркулов |
|