Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры №19/1
Кара-Жыгач айыл аймагына караштуу Разан, Күрп, Кызыл –Бейит жерлерин Кара-Жыгач айыл аймагынын административдик территориясына калтыруу жөнүндө
Кара-Жыгач айылдык кеңешинин жер, курулуш ,архитектура,айыл чарба, экология,транспорт жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун жана Кара-Жыгач айыл аймагынын тургундарынын пикирин угуп жана талкуулап сессия токтом кылат:
1. Разан, Күрп , Кызыл –Бейиттеги жерлердин территориясы Кыргыз ССР Жогорку Советинин президиумунун 27-август 1982-жыл № 2946-Х токтомунун негизинде Кара-Жыгач айыл аймагынын административдик территориясына бекитилсин.
2. Разан, Күрп, Кызыл –Бейиттеги жерлерди Кара-Жыгач айыл аймагынын административдик территориясына каттап берүү жагы, Кыргыз Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Аксы филиалынан суралсын.
3. Аталган жерлердин фондусун Кара-Жыгач айыл аймагынын административдик территориясына инвентаризациялап берүү жагы Кыргыз Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиги “Кыргызмамжердолбоорлоо” институтуна караштуу Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясынан суралсын.
4. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ш.Ташкуловага жүктөлсүн
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, курулуш, архитектура,айыл чарба, экология,транспорт жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Өмүрзаковго жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин токтому чыккан күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага: | Ш.Мазакеев |
|