Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры №19/5
Кара-Жыгач айыл аймагынын өсүп өнүгүүсүнө салым кошкон атуулдарды сыйлоо жөнүндө
Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын кенешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап Кара-Жыгач айылдык кенешинин сессиясы токтом кылат :
1.Кара-Жыгач айыл аймагынын өсүп өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн төмөндөгү атуулдар “Кара-Жыгач айыл аймагынын айылдык кенешинин “Ардак грамотасы”менен сыйлансын.
1. Жабаев Курманбай-“Сары –Челек транс ” жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү.
2.Стамбеков Айбек, “Сары –Челек транс ” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору.
3. Анарбаев Бектемир- курулуш бригадири.
2.Жогорудагы Кара-Жыгач айыл аймагынын атуулун сыйлоо боюнча кеткен чыгымдарын камсыз кылуу жагы Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына жүктөлсүн
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ш.Ташкуловага жүктөлсүн
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Жыгач айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5.Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага: | Ш.Мазакеев |
|