Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры №19/6
Кара-Жыгач айыл аймагына караштуу Авлетим токой чарбасына карата айыл тургундарынын жазган кайрылуусу жөнүндө
Кара-Жыгач айылдык кеңешинин жер, курулуш ,архитектура,айыл чарба, экология,транспорт жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун жана Кара-Жыгач айыл аймагынын тургундарынын пикирин угуп жана талкуулап сессия токтом кылат:
1. Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн аймагындагы 347 га жер аянтынын тийиштүү иш кагаздары такталып,кийинки сессияга сунушталсын.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы –Т.Момунбековго милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ш.Ташкуловага жүктөлсүн
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, курулуш, архитектура,айыл чарба, экология,транспорт жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Өмүрзаковго жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин токтому чыккан күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага: | Ш.Мазакеев |
|