Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декбары №19/7
Кара-Жыгач айыл аймагындагы №23 К.Чекиров орто мектебинин терезелерин жана эшиктерин алмаштыруу долбоорун кароо жөнүндө
Кара-Жыгач айыл аймагындагы №23 К.Чекиров орто мектебинин терезелерин жана эшиктерин алмаштыруу долбоорун өткөрүү боюнча өткөрүү боюнча стимгранттын долбоорун колдоо үчүн 2020-жылдын бюджетинен акча каражат бөлүп берүү жөнүндө , Кара-Жыгач айылдык кеңештин бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана ФЭБнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап,сессия токтом кылат:
1. Кара-Жыгач айыл аймагындагы №23 К.Чекиров орто мектебинин терезелерин жана эшиктерин алмаштыруу долбоору жактырылсын .
2. Кара-Жыгач айыл аймагындагы №23 К.Чекиров орто мектебинин терезелерин жана эшиктерин алмаштыруу долбоорун өткөрүү долбоорун колдоо үчүн 2020-жылдын бюджетинен 50 000 ( элүү мин ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Жогорудагы бөлүнүп берилген акча каражатынын сарпталышы боюнча айылдык кенешинин бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына билдирүү берип туруу жагы ФЭБ башчы –З.Байгондуевге жүктөлсүн .
4. Токтомду расмий сайтка жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысына тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага: | Ш.Мазакеев |
|