Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры №19/9
“Чарба айылындагы кичи футбол аянтчасын куруу” боюнча долбоорун кароо жөнүндө
“Кара-Жыгач айыл аймагындагы Чарба айылындагы кичи футбол аянтчасын куруу” долбоорун кароо жөнүндө, Кара-Жыгач айылдык кеңештин бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана ФЭБнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап,сессия токтом кылат:
1. Кара-Жыгач айыл аймагындагы Чарба айылындагы кичи футбол аянтчасын куруу долбоорун колдоо үчүн 2020-жылдын бюджетинин 14 000 (он торт мин ) сом сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Жогорудагы бөлүнүп берилген акча каражатынын сарпталышы боюнча айылдык кенешинин бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына билдирүү берип туруу жагы ФЭБ башчы –З.Байгондуевге жүктөлсүн .
3. Токтомду расмий сайтка жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага: | Ш.Мазакеев |
|