Загрузка документа…
КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 2
Айыл тургундарынын Совет айылындагы мүрзөгө табытты коюу жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн айылдардан элдеринин кайрылуусунун негизинде Совет айылындагы мүрзөгө табытты коюу жөнүндө Кенеш айылдык Кенешинин VII- чакырылышынын кезектүү XVIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн Совет ПМК,Достук, участкалары пайдаланып жаткан 3га мазарды Кеңеш айыл өкмөтүндөгү мазары толуп калган (Могол-Коргон, Совет, Аук-Кызыл, Шыдыр, Коткор, 1-май) айылдар пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевге милдеттендирилсин.
Кенеш айылдык Кенешинин төрагасы: | И.Каипов |
|