Загрузка документа…
КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декбары № 3
Маркум Алыкулов Тыныбектин ысымын көчөгө коюу жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн Совет айылынын эски Хлоп пункуттун жашоочуларынын элдик жыйындын протоколуна жана айылдык кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана башка социалдык-маданий маселелер, жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комитеттин корутундусуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Совет айылынын тургуну маркум Алыкулов Тыныбектин ысымы эски Хлоп пункуттун ичиндеги аралыктагы көчөгө берилсин.
2. Аталган көчөнү Алыкулов Тыныбек деп аталышын жаздырып, катар үй номурун койдуруу, көчөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү, көчөнүн тазалыгын, архитектуралык план боюнча сакталышын ишке ашыруу жагы Алыкулов Тыныбектин балдарына, тууган уругуна милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевга милдеттендирилсин.
6.
Кенеш айылдык Кенешинин төрагасы: | И.Каипов |
|