Загрузка документа…
КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 4
“Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө.
Кеңеш айылдык Кеңешинин депутаттарынын кайрылуусуна жана Кеңеш айыл аймагынын аппарат кызматкерлеринин профсоюз уюмунун №37 протоколунун токтомуна негиз
Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагында жашап, үзүрлүү эмгектенип Кеңеш айыл аймагынын жана өз айылынын калкына көрсөткөн көп жылдык эмгегин баалап 1-Май айылынын тургуну жана айыл өкмөт кызматкерлери
2. Алкадыров Абылкасым
3. Аттокуров Турсунбай
4. Мырзаева Раймаханга
Кеңеш айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” деген ардактуу наам ыйгарылсын.
1. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
2. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевга милдеттендирилсин.
Кенеш айылдык Кенешинин төрагасы: | И.Каипов |
|