Загрузка документа…
КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 6
Кеңеш айыл аймагынын Могол-Коргон айылындагы балдар бакчасына акча каражатбөлүп берүү
Кеңеш айылдык Кеңешинин депутаты Г. Нурбаеванын сунушунун негизинде Могол-Коргон айылындагы балдар бакчасын оңдоо жумуштарына акча каражатын бөлүү жөнүндө Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн Могол-Коргон айылындагы балдар бакчасын оңдоо жумуштарына 1000000 (бир миллион) сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Токтомдун аткарылышы Кенеш айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Бнун башчысынын милдетин аткаруучу С. Капаровага тапшырылсын.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевга милдеттендирилсин.
Кенеш айылдык Кенешинин төрагасы: | И.Каипов |
|