Загрузка документа…
КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-январы № 4
Кеңеш айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга жайыттын ижара акысын бекитүү жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы К. Айдаровтун сунушунун негизинде 2020-жылга жайыттын ижара акысы жөнүндө Кеңеш айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектүү XIХ -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кенеш айыл аймагындагы жакынкы жана алыскы жайытка мал, жылкы башына 100 (жүз) сом, кой, эчкиге башына 20 (жыйырма) сомдон жайыт акы бекитилсин.
2. Мал жайытынан тышкары ижарага берилген 1 га жер тилкеси үчүн 1300 (бир миң үч жүз) сомдон бекитилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевке милдеттендирилсин.
Кенеш айылдык Кенешинин төрагасы: | И.Каипов |
|