Загрузка документа…
КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-январы № 5
Кеңеш айыл аймагында жайгашкан жаңы курулуп бүткөрүлгөнбалдар бакчасын ишке берүү жөнүндө
Кеңеш айыл аймагынын өкмөт башчысы Р.Омурзаковдун кайрылуусуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагына караштуу Суу-Башы айылындагы жаны ачылган балдар бакчасы “Акылай” балдар бакчасы деп белгиленсин .
2. Жаны ачылган “Акылай” жана “Росинка” балдар бакчасын ишке киргизүүгө макулдук берилсин.
3. Аталган балдар бакчасы ишке берилүүсүнө жана тийешелүү иш кагаздары даярдалышына уруксат берилип аткаруу жагы айыл өкмөткө жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевга милдеттендирилсин.
Кенеш айылдык Кенешинин төрагасы: | И.Каипов |
|