Загрузка документа…
КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-январы № 6
Кең-Кол жайлоосундагы балдар бакча жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы К. Айдаровтун сунушунун негизинде Кен-Кол жайлоосундагы №4 “Наристе” балдар бакчасына каражат берүү жөнүндө Кеңеш айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектүү XIХ -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кен-Кол жайлоосундагы №4 “Наристе” балдар бакчасына Кеңеш айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетинен 10000 (он миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевке милдеттендирилсин.
Кенеш айылдык Кенешинин төрагасы: | И.Каипов |
|