Загрузка документа…
КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-январы № 8
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө
Кеңеш айыл аймагынын өкмөт башчысы Р.Омурзаковдун кайрылуусуна жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тууралуу типтүү келишимдин негизинде Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №202, 2017-жылдын 17-мартындагы №145 токтомдордун жана салыктык укуктук мамилелердин чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндөгү ЖОБОнун негизинде Базар-Коргон райондук МСКБ менен Кеңеш айыл аймагынын өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишим бекитилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевга милдеттендирилсин.
Кенеш айылдык Кенешинин төрагасы: | И.Каипов |
|