Загрузка документа…
КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдынг 23-январы № 10
“Муниципалдык менчиктин түрлөрү”рээстрине каттоо жөнүндө.
Кеңеш айыл аймагынын өкмөт башчысы Р.Омурзаковдун сунушунун негизинде Суубашы айылындагы Кара-Ункур дарыясынын оң жээгиндеги муниципалдык менчикте турган 5,0 га жер тилкеси жөнүндө Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагынын Суубашы айылындагы Кара-Ункур дарыясынын оң жээгиндеги муниципалдык менчикте турган 5,0 га жер тилкеси Кеңеш айыл өкмөтүнүн “Муниципалдык менчиктин түрлөрү” рээстрине каттоого алынсын.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевга милдеттендирилсин.
Кенеш айылдык Кенешинин төрагасы: | И.Каипов |
|