Загрузка документа…
КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-январы № 12
Кеңеш айыл өкмөтүнүн атайын каражат бюджетине толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн жана «Хелветасс Свисс Интеркооперейшн» ассоциациясы ортосунда тузулгон №05-пси-с сандуу гранттык макулдашуу менен таанышып, Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн жана «Хелветасс Свисс Интеркооперейшн» ассоциациясы ортосунда түзүлгөн №05-пси-с сандуу гранттык макулдашууга негиз 70111 разделдин атайын каражаттын киреше бөлүгүнө 1441 статьясына 165,9 миң сом, ал эми чыгаша бөлүгүнө 70111 разделдин 2211-статьясына 24,5 миң сом, 2215-статьясына 111,8 миң сом, 2222 статьясына 29,6 миң сом, жалпы 165,9 миң сом чыгаша бөлүгү жактырылсын.
2. Жогоруда белгиленген киреше бөлүгүнө кошумча план алуу жана чыгаша бөлүгүнө бюджетке киргизүү, райондук каржы башкармалыгына кошумча планга киргизип берүү жагы суралсын
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин «Бюджет жана экономика боюнча» туруктуу комиссияга жана айыл аймагынын Ф.Э.Бнүн башчысы С.Капарова тапшырылсын.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевке жүктөлсүн
Кенеш айылдык Кенешинин төрагасы: | И.Каипов |
|