Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-январы № 1
«Бүргөндү айыл өкмөтүнүн 2019-жыл ичинде бюджетинин аткарылышы жөнүндө»
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн 2019-жыл ичинде бюджеттин киреше жана чыгашаларынын аткарылышы жөнүндө финансы –экономика бөлүмүнүн башчысы М. Осмоновдун отчетун угуп жана талкуулап, Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIX- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн 2019-жыл ичинде бюджеттин киреше жана чыгашаларынын аткарылышы жөнүндө финансы –экономика бөлүмүнүн башчысы М. Осмоновдун отчету эске алынсын. (отчет тиркелет)
2. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнүн 2019-жыл ичинде такталган планы 11160,2 миң сом эсебинде бекитилип, 11177,5 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин. (расчеттор тиркелет)
3. Чыгаша бөлүгү смета боюнча такталган планы 12494,6 миң сом бекитилип, 9333,4 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин. (расчеттор тиркелет)
4. Өндүрүлбөй калган салыктарды жана ижара акыларды өндүрүп, кошумча киреше булактарын таап, бюджетти толтуруу финансы –экономика бөлүмүнүн башчысы М. Осмоновко милдеттендирилсин.
5. Жогорудагылардын негизинде айыл өкмөтүнүн финансы –экономика бөлүмүнүн башчысы М. Осмоновдун 2019-жыл ичинде бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүндө аткарган иштери жөнүндөгү отчету канаттандырарлык деп табылсын.
6. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кеңештин Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.
8.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | З.Арстанбеков |
|