Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-январы № 2
«Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2019 - жыл ичинде социалдык – экономикалык өнүгүүсүндө аткарган иштери жөнүндө»
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2019-жыл ичинде социалдык- экономикалык өнүгүүсүндө аткарган иштери жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIX- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А. Сатыкуловдун 2019-жыл ичинде социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө аткарган иштери жөнүндөгү маалыматы эске алынсын.
2. А. Сатыкуловдун 2019-жыл ичинде социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө аткарган иштери боюнча төмөнкүлөр 2020-жылга бүткөрүлүүсү жана кемчилдиктерин калыбына келтирүүсү белгиленсин.
- Жаштык айылындагы ФАПтын учурдагы жер аянтын трансформациялоо боюнча тиешелүү документтери бүткөрүү;
- Калкты турак жай менен камсыз кылуу максатында тиешелүү аракеттерди көрүү;
- Дыйкан, фермер чарбаларды үзгүлтүксүз эгин суу менен камсыз кылууну колго алуу;
- Таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, калган айылдарга таза суу жеткирүү боюнча долбоорлорду даярдоо;
- Калктын аярлуу катмары менен иш алып барууну жакшыртуу, аз камсыз болгон үй- бүлөөлөргө жөлөк пул чектөөдө аяр мамиле жасоо менен, мүмкүн болушунча жөлөк пул алуучуларга көмөк көрсөтүүнү колго алуу;
- “Намаздык -Ата” жайыт бирикмеси тарабынан алынып келинген техникаларды максатуу пайдалануу, эки тараптуу келишимдерди түзүү жагы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин;
- Бирдиктүү терезе орнотуу жана ишке киргизүү;
- Жергиликтүү тургундарга кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу, жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн ишин жакшыртууну колго алуу үчүн тиешелүү чаралады көрүү;
- Айыл өкмөттүн аймагындагы 10 мектеп, 6 балдар бакчасы жана мекеме-ишканаларда коррупциялык иш-аракеттердин болтурбоо максатында тиешелүү иш –чараларды иштеп чыгуу, аны такай көзөмөлгө алууну;
- Жаңы кабыл алынган мыйзамдарды эске алып мындан аары мыйзам чегинде, тармактар менен биримдикте иш алып барууну колго алуу жагы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
3. Жогорудагы сын-пикирлерди эске алуу менен айыл өкмөт башчысы А. Сатыкуловдун 2019-жылдын 12 ай ичинде социалдык –экономикалык өнүгүүсүндөгү аткарган иштнри жөнүндөгү маалыматы канаттандырарлык деп табылсын.
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагасы Г. Мирзаевке, К. Калбековго, А. Расуловго жана Р. Сейталиевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | З.Арстанбеков |
|