Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-январы № 4
«Бүргөндү айыл өкмөтүнүн бюджетинде 01.01.2020-жылга калган 2635,5 миң сом калдык акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө»
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн бюджетинде 01.01.2020-жылга калган 2635,5 миң сом калдык акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө» Бүргөндү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Осмоновтун маалыматын угуп жана талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КРнын мыйзамын II-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2,2 пунктуна ылайык Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXIX -сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн бюджетинде 01.01.2020-жылга калган 2635,5 миң сом калдык акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө ФЭБ башчысы М.Осмоновтун маалыматы эске алынсын.
2. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн бюджетинде 01.01.2020-жылга калган 2635,5 миң сом калдык акча каражаты №1 тиркемеге ылайык белгиленсин.
3. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же расмий сайтка жарыялансын.
4. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын мыйзамдуу пайдалануужагы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сатыкуловко милдетендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кенешинин финансы бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Маматаевке жүктөлсүн.
Бүргөндү айылдык кенешинин төрагасы: | З.Арстанбеков |
|