Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-январы №6
«М. Осоновдун кайрылуусун кароо жөнүндө»
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М. Осмоновдун 2019-жылдын октябрь, ноябрь, декабрь айлары үчүн кызматкерлердин сапар чыгымдары боюнча берген финансылык отчетторун эске алып жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXIX -сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М. Осмоновдун 2019-жылдын октябрь, ноябрь, декабрь айлары үчүн кызматкерлердин сапар чыгымдары боюнча берген финансылык отчетторун эске алып жазган кайрылуусун эске алынсын.
2. 2020-жылдын жылдын сапар чыгымдары үчүн ажыратылып берилген 525,0 (беш жүз жыйырма беш миң) сом акча каражатынын ичинен, аппарат кызматкерлеринин 2019-жылдын октябрь, ноябрь, декабрь айларындагы төлөнбөй калган сапар чыгымдары үчүн ажыратылып берилсин.
3. 2020-жылга аппарат кызматкерлеринин сапар чыгымдары үчүн акча каражатын мыйзам чегинде, зарылчылыка жараша гана төлөп берүүнү жана үнөмдүү пайдаланылышын көзөмөлгө алуу жагы М. Осмоновко жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий сайтка же массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
5. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын мыйзамдуу пайдалануужагы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сатыкуловко милдетендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кенешинин финансы бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Маматаевке жүктөлсүн.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | З.Арстанбеков |
|