Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-январы № 7
«Бүргөндү аймактык ПОМдун башчысы Ш. Талиповдун кайрылуусун кароо жөнүндө»
Бүргөндү аймактык ПОМдун башчысы Ш. Талиповдун ПОМдун чатырын алмаштыруу зарылдыгы боюнча жазган кайрылуусун жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXIX -сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү аймактык ПОМдун жетекчиси Ш. Талиповдун эске алынсын.
2. Бүргөндү аймактык ПОМдун чатырын алмаштырууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 70 (жетимиш миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын мыйзамдуу пайдалануу жагы Бүргөндү аймактык ПОМдун башчысы Ш. Талиповко жана айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сатыкуловко милдетендирилсин.
4. Бул токтом расмий сайтка же массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кенешинин финансы бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Маматаевке жүктөлсүн.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | З.Арстанбеков |
|