Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-январы № 8
«А. Сатыкуловдун кайрылуусун кароо жөнүндө»
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун айыл өкмөттүн жыйындар өткөрүлүүчү кичи залын жасалгалоо, жыйын өткөрүүгө ыңгайлуу шарт түзүү зарылдыгы боюнча жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXIX -сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыккуловдун кайрылуусун эске алынсын.
2. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн жыйындар өткөрүлүүчү кичи залын жасалгалоо, жыйын өткөрүүгө ыңгайлуу шарт түзүү максатында 183 000 (бир жүз сексен үч миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюждеттин эсебинен ажыратылып берилсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын мыйзамдуу пайдалануу жагы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сатыкуловко жана М. Осмоновко милдетендирилсин.
4. Бул токтом расмий сайтка же массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кенешинин финансы бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Маматаевке жүктөлсүн.
Бүргөндү айылдык кенешинин төрагасы: | З.Арстанбеков |
|