Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кенешининXXVII-чакырылышынын кезектеги XXIX –сессиясы
2020-жылдын 29-январы №9
«М. Кадыркуловдун кайрылуусун кароо жөнүндө»
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Кыпчак-Талаа айылындагы № 46-Э. Толотурзаев атындагы негизги мектебинин кемчилдиктерин калыбына келтирүү максатында жазган М. Кадыркуловдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXIX -сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 46-Э. Толомурзаев негизги мектебинин директору М. Кадыркуловдун 2019-жылдын 29-октябрындагы № 02-58 сандуу кайрылуусун эске алынсын.
2. 2019-2020-окуу жылдына карата мектептин айрым кемчилдиктерин калыбына келтирүү максатында 50 (элүү миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын мыйзамдуу пайдалануу жагы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сатыкуловко милдетендирилсин.
4. Бул токтом расмий сайтка же массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кенешинин финансы бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Маматаевке жүктөлсүн.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | З.Арстанбеков |
|