Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-январы № 10
«Кичи-Бүргөндү айылынын тургундарынын кайрылуусун кароо жөнүндө»
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Кичи-Бүргөндү айылындагы мектеп окуучуларын № 18-М. Молдалиев атындагы орто мектебине ташып баруу жана алып келүү үчүн шарт түзүп берүү максатында айыл тургундарынын жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXIX -сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Кичи –Бүргөндү айылынын тургундарынын жазган кайрылуусу эске алынсын.
2. Кичи-Бүргөндү айылындагы мектеп окуучуларын № 18-М. Молдалиев атындагы орто мектебине ташып баруу жана алып келүү үчүн шарт түзүп берүү, күйүүчү май менен камсыз кылып берүү максатында 105 000 (бир жүз беш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын мыйзамдуу пайдалануужагы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сатыкуловко милдетендирилсин.
4. Бул токтом расмий сайтка же массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кенешинин финансы бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Маматаевке жүктөлсүн.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | З.Арстанбеков |
|