Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-январы № 11
«Айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2020 -жылдын март - апрель айларында өткөрүлүүчү эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча кайрылуусу жөнүндө»
Айыл өкмөттүн аймагында эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү максатына көчөлөргө табличка жасатуу зарылдыгы боюнча жазган Э. Сопиевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIX- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2020-жылдын 08-январындагы № 01-16/12 сандуу каты эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы № 690 сандуу токтомун жетекчилике алып Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган жана жайгашкан жергиликтүү тургундарга, турак жайларына 2020-жылга карата каттоо жүргүзүү максатында каттоо номерлери берилбей калган обьект-субьекттерге каттоо номерлери илинсин.
3. Аталган каттоону жүргүзүүгө көмөктөшүү максатында Айыл өкмөттүн аймагындагы тийиштүү мекеме иш-каналар толугу менен тартылсын.
4. Атайын түзүлгөн комиссия курамынын сметасына ылайык 250000 (эки жүз элүү миң) сом акча каражаты Жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.
5. Жогоруда айтылган акча каражаты менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы М. Осмоновко милдеттендирилсин.
6. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же расмий сайтка жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳ Айылдык кеңештин Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С. Маматаевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | З.Арстанбеков |
|