Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-январы № 12
«Айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун кайрылуусун кароо жөнүндө»
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун Ношкен айылындагы аты жок бир көчөгө Ношкен айылынын тургуну Таштемиров Хабибулла ажынын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү кайрылусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXIX -сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун кайрылуусу жана айыл тургундарынын жыйналышынын 2019-жылдын 29-октябрындагы № 1-протоколу эске алынсын.
2. Ношкен айылындагы аты жок бир көчөгө Ношкен айылынын тургуну Таштемиров Хабибулланын ысымы ыйгарылсын.
3. Аталган көчөнүн социалдык маселелерине көмөктөшүү, ички жолдорго шагал төшөө, жарыктандыруу, архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, ошондой эле үйлөргө табличка жасатып номерлерди илдирүү жагы Таштемировдордун үй-бүлөөсүнө милдеттендирилсин.
4. Х. Таштемировдун ысымы ыйгарылган көчөнүн тиешелүү документтерин даярдап, каттоодон өткөрүү жагы Кыргыз Республикасынын “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Ноокен райондук филиалынан суралсын.
5. Юридикалык иш кагаздарын даярдоого көмөктөшүү жагы жагы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А. Каракожоевке милдетендирилсин.
6. Бул токтом расмий сайтка же массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кенешинин финансы бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Маматаевке жүктөлсүн.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | З.Арстанбеков |
|